Депозиттерди коргоо боюнча агенттик Кыргызстанда 15 жылдан бери иш алып барат. Агенттик Бакай Банкты депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн тааный тургандыгын билдирди. Биздин ишибизди мыкты деп тааныгандыгы үчүн Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары дагы жемиштүү иштөөбүздү уланта берерибизди убадаламакчыбыз.
Андан тышкары, биз кардарларыбызга жана бүтүндөй коомго ушул жылдын июнь айынан тартып депозиттер боюнча компенсациянын суммасы 1 миллион сомго чейин жогорулагандыгын билдиребиз. Мунун өзү мындан дагы бекем коргоону камсыздап, кардарларыбызга ишеним тартуулап, ошону менен бирге финансылык системанын туруктуулугун жана ага болгон ишенимди арттырмакчы.
Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди20 ноябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI Mastercard компаниясынын «Жылдын мыкты маркетингдик кампаниясы» сыйлыгын алды13 ноябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAIдын «Элкарт» пенсиялык картасын Соцфондго барбай тариздеңиз!19 октябрь 2026
Кененирээк маалымат