
«Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» аталышындагы жыйнак Кыргызстандын китеп сүйүүчүлөрү үчүн бир кыйла жеткиликтүү болуп калды. “Бакай Банк” Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын фондуна китептердин партиясын тапшырды. Тапшыруу аземине китепкананын директорунун милдетин аткаруучу Нурияна Байсакова жана Банктын Башкармасынын төрайымы Нургүл Сатарова катышты.
Улуттук китепкананын администрациясынын билдирүүсүнө караганда бүгүнкү күндө анын фондунда 6 миллион нускадагы китептер бар. Фонддун жаңы китептер менен толукталышы – маанилүү окуя болуп саналат.
“Ушундай маанилүү иш жасагандыгы үчүн “Бакай Банктын” жетекчилигине биздин жамаатыбыздын жана китеп сүйүүчүлөрдүн атынан терең ыраазычылык билдиремин. Акыркы жылдары китепкана жаңы китептер менен толукталган эмес, анткени республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Китептерди бизге авторлор өздөрү, эл аралык уюмдар, жазуучулар союзу берип турушат. Кыргыз тилиндеги китептер китепкананын жалпы фондунун 20 пайызын түзөт” – деди Нурияна Байсакова өз сөзүндө.
«Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» жыйнагы өзүнө кыргыз элинин тарыхын жана акылмандыгын камтыйт.
Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, “Бакай Банкты” негиздөөчүлөрдүн бири, көз карандысыз республикабыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, ошондой эле бүт өмүрүн жаратмандык ишмердикке арнаган Ибрагимов Мухамед - жогоруда аталган китептин автору болуп саналат.
Банктын Башкармасынын төрайымы Нургүл Сатарова өз кезегинде китепкананын жетекчилигине эне тилге аяр мамиле кылгандыгы жана жаштар арасында китеп окууну жайылтуу боюнча көргөн аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» жыйнагы өсүп келе жаткан муунду биздин ата-бабаларыбыздын акылмандыгы менен тааныштыра турган көпүрө болуп саналат. Бул китеп жаш муундун өз эне тилине болгон сүйүүсүн арттырып, аларды каада-салттарыбызга аяр мамиле кылууга үндөмөкчү” – деп белгиледи Нургүл Сатарова.
Тапшырылган китептердин бир бөлүгү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын фондунда калат, калгандары райондук китепканаларга бөлүштүрүлүп берилет.
Китептерди тапшыруу “Бакай Банктын” 25 жылдык юбилейине карата уюштурулган “25 жылда – 25 жакшы иш” девизи алдында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында өткөндүгүн белгилеп кетмекчибиз.
Мурда банк республикабыздын мектептеринин китепканаларын толуктоо үчүн Билим берүү министрлигине 5 миңден ашуу китеп тапшырган болчу.
“Бакай Банк” өнөктөштөрү менен биргеликте Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энелери кароосуз калтырышкан балдар тарбияланышкан мектеп-интернатына жардам көрсөткөн болчу. Ошондой эле ушул жылы банктын кызматкерлери Бишкек шаарынын жана Чүй областынын төрт мектебине эмерек тапшырышты. Азыркы учурда ал мектептерде 3 миңден ашуун өспүрүм окуп, билим алышат.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат