“БАКАЙ БАНК” өз ишмердигин жакшыртуу боюнча иштерди тынымсыз жүргүзүп келет. Мындай иштер кардарлардын көзүнө көрүнбөгөн, ошол эле учурда финансылык рынокто жана бүтүнөй мамлекеттик масштабдан алып караганда маанилүү болгон маселелер жаатында дагы жүргүзүлүп турат.
Өткөн жылдын акырында “Бакай Банк” терроризмди каржылоого жана акча каражаттарын адалдоого каршы аракеттенүү боюнча талаптардын аткарылышы, ошондой эле мыйзамдардын сакталышы жаатындагы тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында Lexis Nexis Risk Solutions менен келишим түздү.
Түзүлгөн макулдашуунун алкагында 2023-жылдын март айында банктын кызматкерлери автоматташтырылган банктык системага интеграцияланган Firco Compliance Link программалык камсыздоосу менен иштөө боюнча окуудан өтүштү. Мунун өзү адамдарды/уюмдарды санкцялык тизмелерден автоматтык түрдө сканерлөөгө, адамдык факторду катыштырбоого, ошондой эле санкция салынган адамдар/уюмдар менен оперция жүргүзүү тобокелдигин азайтууга өбөлгө түзөт.
Firco Compliance Link программалык камсыздоосунда санкциялык тизме менен салыштырып туруу үчүн кардарлар жөнүндөгү маалыматтардын топтому сакталат. Firco Compliance Link программалык камсыздоосунун маалыматтар базасы бардык талап кылынган санкциялык тизмени камтыйт: БУУнун Коопсуздук кеңешинин, OFAC (АКШ), Европа тышкы саясий ишмердик кызматынын (EU), Улуу Британиянын Казыналыгынын (НМТ), Росфинмониторингдин ж.б.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат