Visa эл аралык төлөм системасы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын банктарынын жетишкендиктерин белгиледи.
Бакай Банк Visa системасы тарабынан ыйгарылган атайын сыйлыктардын төртөөсүнө татыктуу деп табылды:
New Visa Principal Member- бул банктардын Visa International системасында катышуусунун жогорку категориясы. Статустун Principal Member деңгээлине чейин жогорулашы Бакай Банктын чекене бизнетин карта багытындагы иштерди өнүктүргөндүктүн натыйжасында болду. Бул статус Банкты Visa Int. системасы менен түздөн-түз иш алып баруу деңгээлине чейин жеткирет, ошондой эле төлөм системасы жана контрагенттер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул статуска ээ болуу Бакай Банкка жаңы долбоорлорду жана карттык чечимдерди ишке ашыруу жаатында көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет;
Best Premium Issuer - «Мыкты премиум эмитент» өлкөбүздүн банктарынын ичинен Visa Platinum карталарын жана Visa Infinite карталарын чыгаруу жаатындагы лидер;
Marketing&Communication Award - «Банк системасында маркетинг жана коммуникация жаатындагы жетишкендиктери үчүн»;
Remarkable Progress in Visa Buisness – «Visa Buisness карталарын чыгаруу жаатындагы мыкты жетишкендик».
Visa Global Service Quality Performance Award сыйлыгы — бул дүйнө жүзү боюнча финансылык мекемелердин жана процессингдик компаниялардын ишмердигин баалоонун жылдык программасы болуп саланат. Visa картасынын ээлерине жана соода-тейлөө ишканаларына сунушталуучу кызматтардын жогорку сапаты үчүн ыйгарылат.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат