Бакай Банктын жетекчилиги 2023-жылдын 25-июлунда Ислам Өнүктүрүү Банкынын эксперттик миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасында ислам банкингин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Ислам Каржы борборунун ишмердигинин багыттары жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Инвестициялык инструменттерди ишке киргизүү, банктын ислам каржылоо принциптери боюнча иштешкен кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана чет өлкөлөрдө такшалуудан өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
“Банк ишмердиги жаатындагы дүйнөлүк лидерлер менен кызматташуу Ислам Каржылоо Борборун андан ары өркүндөтүүгө жана продуктулук тилкени кеңейтүүгө мүмкүндүк берет” – деп белгиледи өз сөзүндө Бакай Банктын Төрайымы Нургүл Сатарова.
Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү өз кезегинде, өлкөбүздөгү ислам банкингинин өнүгүүсү боюнча жакшы пикирлерин айтышып, мындан ары дагы кызматташуу ниетин билдиришти.
Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди20 ноябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI Mastercard компаниясынын «Жылдын мыкты маркетингдик кампаниясы» сыйлыгын алды13 ноябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAIдын «Элкарт» пенсиялык картасын Соцфондго барбай тариздеңиз!19 октябрь 2026
Кененирээк маалымат