
BAKAI аралык процессинг борбору (БаПБ) менен биргеликте жаңы продукту – Элкарт+ карталары ишке киргизилгенин жарыялады. Аталган карта улуттук төлөм системасынын артыкчылыктарын жана эл аралык деңгээлдеги заманбап сервистерди камтыйт.
Элкарт+ — накталай эмес төлөмдөрдү мурдагыдан да ыңгайлуу, коопсуз жана пайдалуу кылган, жаңыланган улуттук карта. Бул карта технология, ыңгайлуулук жана бардык артыкчылыктуу чечимдер бир жерде болгонду баалаган кардарлар үчүн түзүлгөн.
Картанын негизги мүмкүнчүлүктөрү жана бонустары:
- Накталай эмес сатып алуулар үчүн кешбэк жана бонустук программалар;
- Яндекс Плюска 60 күнгө акысыз катталуу.
- “Манас” аэропортунун бизнес залына атайын баа боюнча – 1300 сомго кирсе болот. Ага кирүүнүн санына чектөө коюлган эмес.
- “Манас” аэропортунда жүктү таңгактоо – болгону 400 сом, жылына колдонуу боюнча санына чектөө жок.
- Ички жана эл аралык төлөмдөрдү* Элкарт+ системасы аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.
Яндекс Плюска катталуу Элкарт+ картасынын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү. Бирок аны активдештирүү Элкарт Мобайл тиркемеси аркылуу гана ишке ашырылат.
Элкарт+ту ишке киргизүү BAKAI менен БаПБнын Кыргызстандагы улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык кызматташтыгынын жыйынтыгы болду.
Элкарт+ картасын BAKAI’дын бардык бөлүмдөрүнөн же BakAi мобилдик тиркемесинде онлайн тариздөөгө болот. Карта чыгарылгандан кийин кардарлар дароо Яндекс Плюска катталууга жетки алышат, анда бонустук сунуштар жана өнөктөштөрдүн акциялары бар.
Акциялардын мөөнөттөрү: 2025-жылдын 1-октябрынан 31-декабрга чейин
*Эл аралык төлөмдөр деп чет өлкөлөрдө жана андагы онлайн-аянтчаларда эл аралык төлөм сервистери бар “МПЦ” ЖАКтын картасынын интеграцияларынын жардамында жеткиликтүү болгон транзакциялар түшүндүрүлөт. Бул кардарларга чет мамлекеттерде жүрүп деле сатып алуулар менен кызматтарга өлкө ичиндегидей эле оңой төлөгөнгө мүмкүнчүлүк берет.
Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат