
Bakai Bank кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну онлайн каттоо кызматын ишке киргизди. Бул жаңы технология биздин кардарлар тарабынан насыя берүү процессинде ийгиликтүү колдонулуп жатат жана кардарларга нотариуска же мамлекеттик каттоо органдарына барбастан, каттоону болгону 5–10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ичинен алгачкылардан болуп, Bakai Bank насыя алуудагы күрөөнү онлайн тартипте каттоо процессин ишке ашырды. Эми кардарлар насыя келишиминдеги негизги этапты аралыктан, BakAi мобилдик банкинги аркылуу өтүп, эң башкысы — убакытты үнөмдөп, кагаз иштеринен арылып, каттоону оңой бүтүрө алышат.
Bakai Bank кардарларды ашыкча кадамдардан арылтып, банктык кызматтарды мурдагыдан да ыңгайлуу кылууга умтулат. Күрөөнү онлайн каттоо — бул банк кызматтарын санариптештирүүдөгү маанилүү жана алгачкы кадамдардын бири. Бул кызмат акыркы эки айдан бери иш жүзүндө колдонулуп, кыймылсыз мүлктү онлайн күрөөгө каттоо кардарлар менен ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
Бул кантип иштейт:
Насыя жактырылгандан кийин, кардар төмөнкү документтерди тапшырат:
Андан кийин кардар BakAi мобилдик тиркемесине кирип, ипотекалык келишимдин шарттары менен таанышып, ага электрондук санарип кол тамга (ЭЦП) аркылуу кол коёт. Бул процедура орточо эсеп менен 5–10 мүнөттүн ичинде бүткөрүлөт, жана нотариуска же мамлекеттик каттоо органдарына баруунун кереги жок.
Бүгүнкү күндө бир нече келишимдер ийгиликтүү катталып, Bakai Bankтын кардарлары тастыкташты: онлайн каттоо — бул тез, ыңгайлуу жана коопсуз.
Bakai Bank – маанилүү нерселер үчүн.
*Кыргызстандагы коммерциялык банктардын арасынан 2025-жылда биринчи жолу
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат