
BAKAI 2026-жылдын 29-майында өткөн Бишкек Эл аралык Финансы Форуму – BIFF-2026нын технологиялык өнөктөшү болду. Мурдагы жылдары банк форумга өнөктөш катары катышып келсе, быйыл BAKAI Борбор Азиядагы негизги каржы окуяларынын биринин технологиялык өнөктөшү макамын алды.



Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тең уюштуруусунда өткөрүлгөн BIFF–2026 салттуу түрдө банк секторунун өкүлдөрүн, эл аралык каржы уюмдарын, IT-компанияларды, финтех-долбоорлорду жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген эксперттерди чогултту.
Быйылкы форумдун негизги темасы – “Санариптик трансформация доорундагы каржы: коопсуздук, инновациялар жана ишеним”.
Форумдун алкагында бүгүнкү күндө каржы индустриясынын келечегин аныктаган төмөнкү маселелер талкууланды:
– санариптик трансформация жана төлөм системаларын өнүктүрүү;
– финтех-чечимдер жана санариптик экосистемалар;
– киберкоопсуздук, антифрод жана тобокелдиктерди башкаруу;
– блокчейн, санарип активдер жана борбордук банктардын санариптик валюталары (CBDC).
Технологиялык өнөктөш катары BAKAI санариптик каржы чечимдери жана каржы экосистемасын өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбасын көрсөттү. Банктын эксперттери форумдун негизги панелдик талкууларына катышты.
“Кыргызстандын Банктар союзу” юридикалык жактар бирикмесинин президенти Анвар Абдраев иш чаранын жогорку деңгээлин жана катышуучулардын салымын белгилеп өттү:



“BIFF көп жылдан бери Кыргызстандын жана Борбор Азиянын каржы рыногунун келечегин талкуулоочу негизги аянтчалардын бири болуп келүүдө. Быйыл форум банк секторунун, финтех-компаниялардын жана эл аралык уюмдардын күчтүү эксперттерин бириктирди. Форумду көп жылдан бери колдоп келе жаткандыгы үчүн BAKAI’га ыраазычылык билдиребиз жана банктын өлкөнүн каржы тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышкан технологиялык өнөктөш макамында болушуна өзгөчө кубанычтабыз”,– деди ал.
“Санариптик каржы доорундагы киберкоопсуздук, антифрод жана жөнгө салуу” аттуу панелдик талкууда BAKAI’дын маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын башкы адиси Феликс Мамбетов сөз сүйлөдү.
“Бүгүнкү күндө киберкоопсуздук – бул технология маселеси гана эмес. Бул кардарлардын ишеними жана бүтүндөй каржы системасынын туруктуулугу тууралуу маселе. Санариптик сервистер өнүккөн сайын коркунучтар да көбөйүүдө. Ошондуктан банктар коргоо технологияларына инвестиция салуу менен катар колдонуучулардын санариптик сабаттуулугун да жогорулатышы маанилүү”,– деп белгиледи ал.
“Каржы жаатынын санариптик трансформациясы: төлөм чечимдери, санариптик активдер жана экосистемалар” аттуу панелдик талкууда CEO & Founder AIRUN (BAKAI Digital) Чыңгыз Арзиев сөз сүйлөп, BAKAI Digital’дын өнүгүүсүнүн жаңы багыттарын тааныштырды.
“Бүгүнкү күндө санариптик трансформация мобилдик банктын чегинен кыйла алыстап кетти. BAKAI Digital’да биз төлөм чечимдерин, санариптик сервистерди, жасалма интеллектти жана экосистемалык продукттарды бириктирген жаңы технологиялык багыттарды өнүктүрүп жатабыз. Биздин максат – миллиондогон колдонуучулар үчүн каржы кызматтарын жөнөкөй, ылдам жана жеткиликтүү кылган технологияларды түзүү”,– деп баса белгиледи Чыңгыз Арзиев.
BIFF–2026 форумуна катышуу BAKAI’дын Кыргызстандын каржы секторундагы санариптик трансформациянын лидерлеринин бири катары позициясын дагы бир жолу тастыктады. Банк инновациялык чечимдерди активдүү ишке киргизип, кардарлар жана бизнес үчүн заманбап каржы сервистерин өнүктүрүүнү улантууда.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат