
BAKAI Брюсселде Open Dialogue Foundation (ODF) аттуу бейөкмөт уюмга каршы соттук териштирүүдө жеңишке жетти. 7-апрелде Брюсселдин коммерциялык иштер боюнча соту банкка карата коюлган айыптоолорду негизсиз жана далилдер менен ырасталбаган деп тааныды.
Сотко кайрылууга ODF тарабынан 2023-жылы жарыяланган материалдар негиз болгон. Анда BAKAIга карата санкция киргизүү боюнча сунуштар камтылып, банк Россиянын пайдасына эмбаргону айланып өтүүгө байланышкан схемаларга катышы бар деген айыптоолор айтылган. Банк өзүнүн ишкердик аброюн коргоо талабы менен сотко кайрылган.
Сот коюлган айыптоолор олуттуу жана атайын багытталган мүнөздө болгонун, бирок жетиштүү далилдер менен ырасталбаганын аныктады. Натыйжада ODF талаш жараткан материалдарды өчүрүүгө, сот чечиминин текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жарыялоого жана соттук чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилди.
«Биз соттун чечимин кубануу менен кабыл алдык. Бул чечим коюлган айыптоолор үчүн негиз жок экенин тастыктап, BAKAIдын ишкердик аброюн коргойт. Банк ар дайым эл аралык мыйзамдардын талаптарын так сактап, өз ишмердүүлүгүндө ачык-айкындык принциптерин карманат», - деп белгилешти BAKAIда.
BAKAIда мындай чечим BAKAI үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстандагы каржы секторуна болгон ишенимди бекемдөөдө да маанилүү экенин белгилешти. BAKAI мындан ары да жогорку комплаенс стандарттарын жана ачык-айкындык принциптерин карманып, өз кызыкчылыктарын эл аралык юрисдикцияларда коргоону улантат.
BAKAI өлкөдөгү каржы институттарынын ишмердүүлүгүнө объективдүү баа берүүнү камсыз кылууга багытталган бардык көз карандысыз текшерүүлөргө жана аудиттерге даяр экенин тастыктайт.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат