
2026-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кибершылуундукка каршы күрөшүүгө арналган CYBERTOR–2026 эл аралык форуму өтөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул иш-чаранын башкы өнөктөшү - BAKAI.
Форум актуалдуу коркунучтарды талкуулоо жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында эксперттерди, бизнес жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирет.
Форумдун катышуучулары шылуундуктун заманбап схемаларын, санариптик сервистерди колдонуудагы тобокелдиктерди, ошондой эле жасалма интеллект жана deepfake сыяктуу технологиялардын киберкоркунучтарга тийгизген таасирин талкуулашат.
Негизги максат - жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана киберкоркунучтардан коргонуу инструменттерин сунуштоо.
BAKAI кардарлардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган коргоо технологияларын активдүү киргизип, маалыматтык кампанияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.
Иш-чаранын программасы менен төмөндөн тааныша аласыз.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат