
Айсулуу Октябрьина, Bakai Bank’тын HR-директору, Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын (AmCham) алдындагы Адам ресурстарын башкаруу боюнча жаңы Комитеттин төрайымы болуп шайланды. Комитеттин отуруму 2025-жылдын 24-июнунда өтүп, өлкөдөгү кесипкөй HR-коомчулуктун өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам болуп калды.
AmCham алдында түзүлгөн HR-комитет персоналды башкаруу жаатындагы лидерлерди бириктирүү үчүн жаңы аянтча ачты. Бул комитет тажрыйба алмашууга, актуалдуу чакырыктарды талкуулоого жана адамдык капиталды башкарууда заманбап ыкмаларды жайылтууга негизги борбор болууга умтулат.
Айсулуу Октябрьина — бул демилгенин автору жана кесипкөй коомчулуктун арасында Bakai Bank’тагы HR-ыкмаларын терең өзгөртүүгө салым кошкон эксперт катары таанылган. Анын жетекчилиги астында банкта корпоративдик маданиятты өнүктүрүү, таланттарды башкаруу жана HR-процесстерди санариптештирүү боюнча натыйжалуу тажрыйбалар киргизилди.
«Мындай жогорку баа жана таануу — менин жеке жетишкендигим гана эмес, адамдарды башкарууда туруктуу баалуулуктар системасын түзүп жаткан бүтүндөй командабыздын эмгеги. Комитеттеги ишибиз Кыргызстандагы HR-тармагынын өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенем», — деди Айсулуу.
Комитет окутуу, лидерлик, туруктуу персоналды башкаруу жана бизнес менен кесипкөй коомчулуктун ортосунда эффективдүү коммуникацияларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат.
Bakai Bank — чындыгында маанилүү нерселер үчүн.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат